Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Москва районунда совет мезгилинен бери жашап келген үйлөрдү документтештирүү жана мурдагы совхоздордун үйлөрүн жашоочуларга өткөрүп берүү маселелерин толук чечүүнү тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчысы район тургундары менен жолугушууда билдирди.
Жолугушууда тургундар айыл ичиндеги документтери жок эски үйлөрдү мыйзамдаштыруу жана совхоздон калган турак жайларды менчиктештирүү боюнча көйгөйлөрдү көтөрүштү.
Мамлекет башчысы айыл ичиндеги, СССР мезгилинен бери колдонулуп келген үйлөрдү тиешелүү комиссия карап, документтерин бериш керектигин белгиледи. Ошондой эле 35 жылдан бери мурдагы совхоздун үйүндө жашап келген тургундун маселесин чечүү үчүн мындай турак жайларды минималдуу баада сатуу жолун кароону тапшырды.
Президент өзүнүн Чүй облусундагы өкүлүнө жана район акимине ушул сыяктуу маселелерди көзөмөлгө алып, айылдардагы көп жылдан бери чечилбей келген турак жай маселелерин толук жөнгө салууну тапшырды.