Өзгөндө жер тилкеси менчикке мыйзамсыз берилгендиги аныкталды

Укук тартиби Загрузка... 27 Апрель 2026 16:16
image.png
copyright icon www

Бишкек, 27.04.26. /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районунда 1,94 гектар жер жеке менчикке мыйзамсыз берилгендиги аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Анын алкагында, райондун “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин кызмат адамдары тарабынан мыйзам бузуу фактылары аныкталды.

Такталгандай, кызыкдар жарандарга жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылар мыйзамсыз берилген.

УКМКдан белгилешкендей, учурда бул факты боюнча бардык жагдайлар такталууда. Ошондой эле ага тиешеси бар адамдарды аныктоо багытында тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.