Лейлекте 100 млн сомдук көчөттөр куурап калган: Прокуратура иш козгоду

Укук тартиби
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. Лейлек районунда "Жашыл чек ара" долбоорунун алкагында отургузулган көчөттөрдүн 95 пайызы куурап калганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоорду ишке ашырууга 100 млн 887 миң 900 сом бөлүнгөн. Бирок текшерүү учурунда каралган иштер толук аткарылбаганы, көчөттөрдүн өсүшү жана сугарылышы үчүн зарыл шарттар түзүлбөгөнү аныкталган.

Бул факты боюнча "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.