Жети-Өгүздө 10 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Укук тартиби
Жети-Өгүздө 10 гектар жер мамлекетке кайтарылды
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. Жети-Өгүз районунда мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өтүп кеткен 10 гектар айыл чарба багытындагы жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда 2005-жылы Оргочор айыл өкмөтүнүн жооптуу кызмат адамдары тарабынан аталган жер тилкелери мыйзам бузуу менен жеке жактардын менчигине өткөрүлүп берилгени аныкталган.

"Көрүлгөн чаралардын натыйжасында жалпы баасы 112 млн 985 миң 400 сомду түзгөн жер тилкелери мамлекеттин менчигине кайтарылды",-деп айтылат маалыматта.