Жалал-Абадда 64 жаранга пенсия мыйзамсыз чегерилгени аныкталды

Укук тартиби
Жалал-Абадда 64 жаранга пенсия мыйзамсыз чегерилгени аныкталды
copyright icon WWW

Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда 2025-2026-жылдары 64 жаранга мыйзамсыз пенсия чегерилген.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Жалал-Абад психиатриялык аймактык райондор аралык медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынын жооптуу кызмат адамдары тиешелүү экспертизаларды өткөрбөстөн, жасалма маалымкаттарды түзгөнү аныкталган. Алардын негизинде жарандарга пенсия дайындалган.

Бул факты боюнча "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүп жатат.

Натыйжада мамлекетке 4 млн сомго жакын зыян келтирилген.