Аксыда 6 гектар жер мыйзамсыз менчиктештирилген: Кылмыш иши козголду

Аймак
Аксыда 6 гектар жер мыйзамсыз менчиктештирилген: Кылмыш иши козголду
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Аксы районунда 6,1 гектардан ашык жайыт жана айыл чарба жери мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталды.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, натыйжада мамлекетке 91,3 млн сомдон ашык зыян келтирилген.

Текшерүүдө 2021-2024-жылдары Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн жана башка мамлекеттик органдардын кызмат адамдары 1,41 гектар жайыт жана 0,68 гектар сугат жерин мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүп беришкени аныкталган.

Мындан тышкары, 2,45 гектар жайыт жана 3,2 гектар айыл чарба жери мыйзамсыз муниципалдык менчикке өткөрүлүп, кийин коммерциялык объекттерди куруу жана пайдалануу үчүн ижарага берилген.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.