Бишкек, 24.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Аксы районунун эли менен жолугушууда Мукур, Авлетим жана Кызыл-Туу айылдарына тротуар курууну тапшырды.
Жолугушууда Сары-Челек айылдык кеңешинин депутаты Байдөлөт Шырдаков аталган айылдарда унаа жолунун боюнда тротуар жок болгондуктан, мектеп окуучулары үчүн кооптуу жагдай жаралып жатканын айтты. Анын белгилешинче, балдар мектепке бара жатканда жана кайтканда жолдун бир бөлүгүн ээлеп, унаалар менен катар жүрүүгө аргасыз болушат.
Депутат жергиликтүү тургундар тротуар куруу үчүн жерди бошотуп берүүгө даяр экенин билдирип, маселени чечүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү.
Президент транспорт жана коммуникациялар министри Талант Солтобековго министрликтин өз эсебинен үч айылга тротуар курууну тапшырды. Мамлекет башчысы балдардын коопсуздугу маанилүү экенин белгиледи.