Бишкек, 05.10.26 /Кабар/. Бишкектеги Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинде окуучулар арасындагы кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Иш-чарага ИИМдин өкүлдөрү, Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын мектеп директорлору катышты.
Кеңешмеде окуучулар арасындагы мушташ, тоноо, опузалап акча талап кылуу жана башка укук бузуулардын алдын алуу, мектептердеги коопсуздукту күчөтүү, ошондой эле окуучулар жана ата-энелер менен профилактикалык иштерди жүргүзүү маселелери талкууланды. Мындан тышкары, жашы жете электер арасындагы суициддин алдын алууга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы белгиленди.
ИИМдин өкүлдөрү балдардын өмүрү жана коопсуздугу башкы орунда турарын белгилеп, мектеп директорлору, мугалимдер жана ата-энелер менен тыгыз кызматташуу зарылдыгын айтышты.
Ошондой эле республикадагы ар бир мектепке жашы жете электер менен иштөө инспекторлорунан тышкары, ИИМдин жетекчилик курамынан бирден кызматкер бекитилгени маалымдалды.