Жүргүнчүдө эмне күнөө? Президент камалган эгиздерди бошотууну тапшырды

Коом
Жүргүнчүдө эмне күнөө? Президент камалган эгиздерди бошотууну тапшырды
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Москва районунун тургундары менен жолугушууда жол кырсыгына байланыштуу камакка алынган эки эгиз баланын атасынын кайрылуусун угуп, алардын ишин текшерүүнү Ички иштер министрлигине тапшырды.

Жолугушууда Жаныбек Молдалиев аттуу тургун 2025-жылдын 25-ноябрында Ак-Башат айылында жол кырсыгы болгонун айтты. Анын маалыматына караганда, кырсыкка кабылган унааны анын жээни башкарып бара жаткан. Унаада Молдалиевдин эгиз уулдары жүргүнчү катары бара жаткан.

Анын айтымында, кырсыктан кийин айдоочу жана эки уулу тең тергөө абагына камалган. Ал эгиз балдарынын жол кырсыгына тиешеси жок экенин белгилеп, алардын камакта отурганына байланыштуу президенттен жардам сурады. Ошондой эле жабырлануучунун туугандарынын сот органдарындагы байланыштары ишке таасир этиши мүмкүн деген шегин билдирди.

Президент Садыр Жапаров ИИМге окуяны тактап, жүргүнчү катары бара жаткан эки баланын эмне себептен камакка алынганын аныктоону тапшырды.

"Эгиз баланы чыгарып коюп, тергөөнү улантып, жакшылап тергегиле. Мындай туура эмес, жүргүнчүлөрдүн кандай тиешеси бар? Айдоочуну камасаңар болот. Жүргүнчүлөрдө эмне күнөө? Мен көзөмөлгө алам, Жаныбек мырза. Азыр ИИМ сизди кабыл алып, көйгөйлөрүңүздү чечүүгө жардам берет", - деди мамлекет башчысы.