Аруу Эмилбекованын кайрылуусу боюнча дооматтар ырасталган жок — ИИМ

Аруу Эмилбекованын кайрылуусу боюнча дооматтар ырасталган жок — ИИМ
Аруу Эмилбекованын кайрылуусу боюнча дооматтар ырасталган жок — ИИМ
Алдыга
Артка
Аруу Эмилбекованын кайрылуусу боюнча дооматтар ырасталган жок — ИИМ
Аруу Эмилбекованын кайрылуусу боюнча дооматтар ырасталган жок — ИИМ
Алдыга
Артка
copyright icon ИИМ

Бишкек, 16.11.26. /Кабар/. Аруу Эмилбекованын президент Садыр Жапаровго жолдогон кайрылуусунда айтылган дооматтар Ички иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө ырасталган жок.

ИИМдин маалыматына караганда, текшерүүнүн жүрүшүндө А.Эмилбекованын мурдагы жолдошу менен ажырашуусуна үй-бүлөлүк зомбулук эмес, анын уурулук фактысы боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылышы себеп болгону аныкталган. 2022-жылы сот аны уурулуктун эки фактысы боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылга пробациялык көзөмөлгө алган.

Ошондой эле балдарга карата зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу маалымат боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө соттук-медициналык экспертиза алардын денесинен жаракаттарды аныктаган эмес. Балдар да атасы жана чоң ата, чоң энеси тарабынан зомбулук болбогонун билдиришкен.

ИИМ учурда Аруу Эмилбекованын эки кызы 7-октябрдан бери аны менен жашап жатканын белгиледи. Ал эми балдары менен жолугушуу маселеси соттун компетенциясына кирери түшүндүрүлүп, мыйзамда белгиленген тартипте сотко кайрылуу сунушталган.