Коопсуз өлкө: ЖИ менен иштеген 3 миңден ашык видеокамера орнотулду

Коом
Коопсуз өлкө: ЖИ менен иштеген 3 миңден ашык видеокамера орнотулду
copyright icon ИИМ

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Учурда өлкөдө жасалма интеллект технологиялары менен иштеген 3 миңден ашык видеокамера үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен "Кабар" маалымат агенттигине билдиришти.

Маалымдалгандай, жасалма интеллект технологияларын колдонгон бул видеокамера беткап жана көз айнек тагынган адамдарды да таануу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

“Министрликте коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана укук бузууларга ыкчам чара көрүү максатында заманбап аналитикалык жана видеокөзөмөл системалары менен жабдылган Кырдаалдык мониторинг борбору түзүлгөн. Ал күнү-түнү иштеп, өлкөдөгү кырдаалды реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөгө жана окуяларга ыкчам жооп кайтарууга мүмкүндүк берет”, - деп айтылат маалыматта.

Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов "Биринчи радиого" берген маегинде белгилегендей, видеокөзөмөл системасы өлкө боюнча кеңейтилүүдө.

"Долбоор ишке киргенден тартып өлкө аймагындагы социалдык объектилерди, анын ичинде мектептерди, бала бакчаларды жана коомдук жайларды видеокөзөмөл каражаттары менен камсыздоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул багытта тиешелүү мыйзамдын негизинде мекеме-уюмдардын жетекчилерине жана жергиликтүү бийлик органдарына камераларды орнотуу милдети жүктөлгөн. Орнотулган камераларды башкаруу борборуна туташтыруу боюнча да иштер жүрүп жатат. Буга чейин 4 миңге жакын камера болсо, быйылкы ШКУ саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында 10 миңден ашык камера орнотууга жетиштик", — деди Исмаилов.

Белгиленгендей, өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында өлкө боюнча 20 миңден ашык видеобайкоо камерасын орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.