Акыркы жылдарда милиция кызматкерлеринин маянасы 3 эсе жогорулады

Коом
Акыркы жылдарда милиция кызматкерлеринин маянасы 3 эсе жогорулады
copyright icon ИИМ

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Акыркы жылдары ички иштер органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысы орточо эсеп менен үч эсеге жогорулады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен "Кабар" маалымат агенттигине билдиришти.

Мекеменин маалыматына ылайык, кызматкерлерди социалдык жактан колдоого өзгөчө көңүл бурулуп, эмгек акынын жогорулашы алардын ишке болгон кызыгуусун арттырууга, кесиптин аброюн көтөрүүгө жана кадрдык курамдын туруктуулугун камсыз кылууга багытталган.

“Мамлекеттик ипотекалык компаниянын программасынын алкагында милиция кызматкерлерине батирлер берилип, алардын социалдык шарттары жана жашоо деңгээли жакшыртылды.
Ички иштер органдарынын өздүк курамы 100 пайыз заманбап, белгиленген талаптарга жооп берген жана кызмат өтөөдө ыңгайлуулукту камсыз кылган төрт мезгилге ылайыкталган формалык кийимдер менен камсыздалды”,- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 1-ноябрда кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада 1-декабрдан тарта милиция кызматкерлеринин эмгек акысы жана ардагерлердин пенсиясы жогорулай турганын билдирген.