Алдамчылык көбөйүп жатат: ИИМ сактануунун жолдорун эскертти

Коом
Алдамчылык көбөйүп жатат: ИИМ сактануунун жолдорун эскертти
copyright icon ЖИ

Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. ИИМ интернет-алдамчылык фактылары көбөйүп жаткандыгына байланыштуу жарандарды жеке маалыматтарын жана аккаунттарын коргоого чакырды.

Министрликтин маалыматына ылайык, алдамчылар өздөрүн уюлдук операторлордун, банктардын же башка мекемелердин кызматкерлери катары тааныштырып, колдонуучулардан аккаунтка кирүү үчүн ырастоо коддорун алууга аракет кылышууда. Мындай аракеттер акыркы күндөрү көбөйгөнүн MEGA оператору да билдирген.

ИИМ жарандарга мессенджерлерде эки факторлуу аутентификацияны иштетүүнү, SMS-коддорду, PIN-коддорду жана сыр сөздөрдү эч кимге бербөөнү эскертет. Ошондой эле шектүү шилтемелерге кирбөө жана белгисиз адамдардын өтүнүчү менен тиркемелерди орнотпоо сунушталат.

Министрлик WhatsApp аккаунту бузулган учурда алдамчылар анын байланыштарына кайрылып, карызга акча сурашы мүмкүн экенин белгилеп, шектүү өтүнүчтөрдү башка байланыш каражаты аркылуу тактап алууга чакырды.