Бишкек, 27.10.26. /Кабар/. Ички иштер министрлиги 2025-2030-жылдарга карата коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянын алкагында "Коррупцияга жол жок!" аттуу маалыматтык эстафета баштады.
Ведомствонун маалыматына караганда, иш-чаранын максаты – коррупцияга каршы күрөштүн маанилүүлүгүн коомчулукка жеткирүү, жарандардын укуктук жана антикоррупциялык маданиятын жогорулатуу, ошондой эле коррупцияга каршы коомдук позицияны бекемдөө.
Иш- алкагында эстафеталык желекче ИИМдин башкы башкармалыктары жана ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө өткөрүлүп берилет.
ИИМ жарандарды жана мамлекеттик органдарды коррупцияга каршы күрөшүүгө активдүү катышууга, мыйзамдуулукту сактоого жана коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөөгө чакырды.