Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин маянасы жогорулайт.
ИИМден билдиришкендей, президенттин 2024-жылдын 18-октябрында кабыл алган №299 "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылууну өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгына маанилүү өзгөртүүлөр киргизилди.
Жаңы тартипке ылайык, 2026-жылдын 1-декабрынан тартып кызматкерлердин кызматтык маянасы 10 000 сомго өсөт. Бул өзгөртүүлөр менен бирге, укук коргоо органдарында жана аскердик кызмат өтөгөндүгү үчүн төлөнүүчү үстөк акылардын өлчөмү кыскартылат.
Кимдер жана канчалыкка көбөйөт?
Ай сайын төлөнүүчү акчалай камсыздоонун көлөмү кызматкердин ээлеген кызматына, атайын наамына, кызмат өтөгөн стажына жана мыйзамда каралган башка төлөмдөргө жараша аныкталат.
- Жаңы кызматкерлер: Кызматка биринчи жолу кабыл алынган, стажы жок жана атайын алгачкы наамдар үчүн кошумча төлөм албаган кызматкерлердин айлыгы кеминде 4 000 сомго көбөйөт.
- Стажы бар кызматкерлер: Пенсиялык компенсация алууга жетиштүү кызмат өтөгөн жылдары бар адистердин акчалай камсыздоосу кызматына жана стажына жараша 10 000 сомдон ашык өлчөмдө жогорулайт.
Башка төлөмдөргө таасири
Кызматтык маянанын өсүшүнө байланыштуу төмөнкү төлөмдөрдүн өлчөмдөрү да көбөйөт:
- Эмгек өргүүсүнө төлөнүүчү каражаттар;
- Кызматтан бошотуу жөлөк пулдары;
- Камсыздандыруу төлөмдөрү.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрүнүн пенсионерлеринин пенсиялары да тиешелүү түрдө жогорулатылат. Пенсиянын өсүү өлчөмү 10 000 сомго чейин жетиши күтүлүүдө.