"Кара тизмеден" кийинки кадам: Кыргызстан Routes World форумуна катышты

Бизнес
IMG_0434.jpeg
IMG_0423.jpeg
IMG_0435.jpeg
IMG_0433.jpeg
IMG_0432.jpeg
IMG_0437.jpeg
IMG_0442.jpeg
IMG_0441.jpeg
IMG_0439.jpeg
IMG_0438.jpeg
IMG_0436.jpeg
IMG_0424.jpeg
IMG_0425.jpeg
IMG_0430.jpeg
IMG_0427.jpeg
IMG_0428.jpeg
IMG_0426.jpeg
IMG_0429.jpeg
IMG_0431.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_0434.jpeg
IMG_0423.jpeg
IMG_0435.jpeg
IMG_0433.jpeg
IMG_0432.jpeg
IMG_0437.jpeg
IMG_0442.jpeg
IMG_0441.jpeg
IMG_0439.jpeg
IMG_0438.jpeg
IMG_0436.jpeg
IMG_0424.jpeg
IMG_0425.jpeg
IMG_0430.jpeg
IMG_0427.jpeg
IMG_0428.jpeg
IMG_0426.jpeg
IMG_0429.jpeg
IMG_0431.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын пресс-кызматы

Бишкек, 23.10.26 /Кабар/. 21–23-октябрь күндөрү Германиянын Франкфурт шаарында дүйнөнүн 120дан ашык өлкөсүнөн авиакомпаниялардын, аэропорттордун жана авиация тармагынын өкүлдөрүн бириктирген ири эл аралык авиациялык форумдардын бири — Routes World 2026 өттү.

Форумдун алкагында эл аралык аба байланышын өнүктүрүүгө, жаңы маршруттарды ачууга жана глобалдык кызматташтыкты чыңдоого багытталган 10 000ден ашык ишкердик жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр өткөрүлдү.

Бул ири эл аралык форумда Кыргызстандын атынан "Кыргызстан аэропорттору" ААК жана улуттук Asman Airlines авиакомпаниясы катышты.

Кыргызстандын форумга катышуусу быйыл өзгөчө мааниге ээ болду. Өлкө Европа биримдигинин авиациялык "кара тизмесинен" чыгарылгандан кийин эл аралык маршруттук тармакты өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылды.

Форумдун алкагында "Кыргызстан аэропорттору" ААКнын жана Asman Airlines авиакомпаниясынын өкүлдөрү эл аралык авиациялык өнөктөштөр менен ишкердик жолугушууларды өткөрүп, кызматташуу, жаңы багыттарды ачуу жана учуулардын географиясын кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

"Кыргызстан аэропорттору" ААК Routes World 2026 форумунун экинчи күнүнүн расмий демөөрчүсү катары катышып, анын жүрүшүндө эл аралык авиациялык коомчулукка Кыргызстандын авиация тармагынын потенциалын жана өнүгүү келечегин тааныштыра алгандыгы өзгөчө мааниге ээ болду.