Ош, 11.11.26. /Кабар/. "Ош" эл аралык аэропортунда жаңы аэровокзалдын курулушу, учуп-конуу тилкесин узартуу, багыттоо жолдорду жана учак токтотуучу жайларды көбөйтүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында "Ош" эл аралык аэропортунун директору Тимурлан Маданбеков билдирди.

Тимурлан Маданбековдун маалыматына караганда, жаңы аэровокзалдын жалпы аянты 25 миң чарчы метрден ашат. Учурда имараттын негизги конструкциясын куруу, чатырын жабуу жана тышкы инженердик тармактарды тартуу иштери аяктады. Азыр ички тосмолорду орнотуу жана витраждык конструкцияларды монтаждоо иштери уланууда.
Мындан тышкары, аэропорттун аймагында 600 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай курулууда.
Аэропорттун учуп-конуу тилкесинин узундугу азыркы 2 миң 200 метрден 400 метрге узартылып, 2 миң 600 метрге жетет. Ошондой эле тилкенин үстүңкү катмары жаңыланып, асфальт төшөлөт. Натыйжада анын жүк көтөрүмдүүлүк көрсөткүчү (PCN) 44-50дөн 72ге чейин жогорулайт.
Ошондой эле аэропортто үч кошумча багыттоочу жол (рулёждук) куруу каралган. Бул учактар конгондон кийин негизги тилкени тезирек бошотуп, кийинки учактардын конушуна шарт түзөт.
“Буга чейин учак конгондон кийин багыттоо жолуна жетип, негизги тилкеден чыгууга 8-10 мүнөт убакыт кетчү. Жаңы жолдордун курулушу бул убакытты кыскартып, аэропорттун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат”, — деди Тимурлан Маданбеков.
Анын айтымында, буга чейин аэропортто 12 учак токтотуучу жай болгон. Долбоордун алкагында кошумча жер тилкелери бөлүнүп, алардын жалпы саны 23кө жеткирилет.

Өз кезегинде, "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын башчысы Манасбек Самидинов жаңы аэровокзал эл аралык каттамдарды тейлей турганын белгиледи. Ал эми азыркы терминал капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, ички каттамдар үчүн пайдаланылат. Натыйжада аэропорт эл аралык жана ички каттамдарды тейлеген эки өзүнчө терминал менен иштейт.
Мындан тышкары, аэропорттун жабдуулары жаңыланып, учактарды коюу туман учурунда да кабыл алуу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет.
Самидиновдун айтымында, учактарды кондуруучу ILS системасы үч жыл мурда эле III категорияга ылайык орнотулган. Бирок толук кандуу III категориядагы шартты камсыз кылуу үчүн жарык-сигнал берүүчү жабдууларды да жаңылоо зарыл.
“ILS системасы менен жарык-сигнал берүүчү жабдуулар бирдей категорияда иштеши керек. Азыр ILS III категорияда болсо, жарык-сигнал берүүчү жабдуулар I категорияда. Бардык иштер аяктап, алар да III категорияга жеткирилгенден кийин аэропорт коюу туман учурунда да учактарды кабыл алууга толук даяр болот”, — деди ал.
Самидинов билдиргендей, жаңы аэровокзал менен учак токтотуучу жайларды куруу иштерин 2027-жылдын январь-февраль айларында бүтүрүү пландалууда. Ал эми үч багыттоо жолдун жана негизги жолдун курулушу кийинки жылы улантылат.
Ошондой эле 2027-жылдын жай мезгилинде учуп-конуу тилкесиндеги реконструкция иштерине байланыштуу аэропорт күнүнө сегиз саатка жабылып турат. Бул убакытта тилкенин айрым бөлүктөрү кезеги менен жаңыланат. Учуп-конуу тилкесин толук реконструкциялоону жыл аягына чейин бүтүрүү пландалууда.