Ош, 11.11.26. /Кабар/. “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында “Кыргызстан аэропорттору” ААКтын башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов журналисттер менен бирге Ош шаарына учуп барып, "Ош" эл аралык аэропортунда жүргүзүлүп жаткан курулуш жана жаңылоо иштери менен тааныштырды.
Иш сапардын жүрүшүндө ал жаңы аэровокзалдын курулушу жана учуп-конуу тилкесин жаңылоо иштери тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, аянты 25 миң чарчы метрди түзгөн жаңы аэровокзал эл аралык каттамдарды тейлейт. Ал эми азыркы терминал капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, ички каттамдар үчүн пайдаланылат.
“Жаңы аэровокзал бардык керектүү заманбап шарттар менен камсыздалат. Ошондой эле учуп-конуу тилкеси 400 метрге узартылып, аэропорттогу учак токтотуучу жайлардын саны 12ден 23кө чейин көбөйтүлөт. Андан сырткары 600 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай курулууда”,-деди ал.