Самидинов: Аба ырайына карата каттамдардын токтотулушу коопсуздук талабы

Коом
Самидинов: Аба ырайына карата каттамдардын токтотулушу коопсуздук талабы
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 11.11.26. /Кабар/. Аба ырайынын начарлашынан улам айрым авиакаттамдардын кармалышы же токтотулушу биринчи кезекте жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынган чечимдерге байланыштуу. Бул тууралуу “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунда “Кыргызстан аэропорттору” ААКтын башкармалыгынын башчысы Манасбек Самидинов билдирди.

Анын айтымында, каттамдарды аткаруу чечими аба ырайына жана учактын техникалык абалына жараша кабыл алынат.

Ал белгилегендей, “Манас” эл аралык аэропортунда Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) III категориясына ылайык учактарды кондурууга мүмкүндүк берген жабдуулар жаңыртылган. Анын алкагында конуу системасы жана жарык-сигналдык жабдуулар жакшыртылган. Бул коюу туман жана көрүнүү начар болгон шартта учактарды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.

Ошол эле учурда аэропорттун III категорияга ылайык жабдылышы бардык авиакомпаниялар мындай шартта учуп-конууга даяр дегенди билдирбейт. Бул үчүн учактын техникалык жабдуулары тиешелүү талаптарга жооп берип, экипаж атайын даярдыктан өтүп, сертификат алышы керек.

Самидиновдун маалыматына караганда, "Aсман Эйрлайнс" авиакомпаниясынын паркындагы Bombardier Dash 8 Q400 учагы Кыргызстанда алгачкы жолу пайдаланууга берилген жаңы үлгүдөгү учак болуп саналат. Учурда аны тейлеген техникалык адистер жана учкучтар атайын даярдыктан өтүп жатышат.

Азырынча аталган учактар I категориядагы талаптарга ылайык учуп-конууда. Ал эми экипаждарды III категория боюнча даярдоо жана тиешелүү уруксаттарды алуу иштерин 2028-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда. Мындан кийин учактар көрүнүү өтө начар болгон шартта да учуп-конуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Мындан улам Самидинов жүргүнчүлөрдү аба ырайынын начарлашына байланыштуу каттамдардын кармалышына жана токтотулушуна түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.