Бишкек, 11.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү үчүн биринчи кезекте авиациялык жана аэропорттук инфраструктураны жакшыртуу зарыл. Бул тууралуу “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында “Кыргызстан аэропорттору” ААК башкармалыгынын башчысы Манасбек Самидинов “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда темир жол тармагы жетиштүү өнүкпөгөндүктөн жана өлкөнүн географиялык өзгөчөлүгүнө байланыштуу алыскы мамлекеттерден келген туристтер үчүн негизги транспорт — аба каттамдары.
“Туризмди өнүктүрүү үчүн биринчи кезекте инфраструктура өнүгүшү керек. Авиацияны өнүктүрүп, каттамдардын географиясын кеңейтүү зарыл. Аэропорттор аркылуу туристтердин агымын камсыз кылышыбыз керек. Эгер аэропорттордун инфраструктурасын азыркы абалында калтырсак, өсүп жаткан жүргүнчүлөр агымын кабыл алууга шарт түзө алмак эмеспиз. Ошондуктан президентибиз бизге авиацияны жана аймактык аэропортторду өнүктүрүү боюнча тапшырма койгон”, — деди ал.
Ошондой эле Самидинов аэропорттордун инфраструктурасын жаңылоо авиабилеттердин баасынын арзандашына таасир этпей турганын белгиледи.
Анын айтымында, дүйнөдө күйүүчү майдан тартып башка чыгымдарга чейин кымбаттап жаткан шартта мамлекет авиабилеттердин баасын туруктуу кармоо үчүн субсидия берип келет.
Ал быйыл геосаясий кырдаалга байланыштуу Россиядагы мунайды кайра иштетүүчү заводдордогу көйгөйлөрдөн улам Кыргызстан авиациялык күйүүчү майды башка мамлекеттерден импорттоого аргасыз болгонун айтты.
“Биз авиациялык күйүүчү майды Түркия, Кытай, Грузия жана Ирандан ала баштадык. Бирок бул кошумча чыгымдарды жүргүнчүлөргө жүктөгөн жокпуз. Мамлекет баанын айырмасын өзүнө алып, “Ош” аэропортунан тышкары дагы 10 аймактык аэропортту колдоо үчүн каражат бөлүп жатат. Бул аэропорттор социалдык мааниге ээ болгондуктан, мамлекет чыгымдын бир бөлүгүн субсидиялап келет”, — деди Самидинов.
Мындан тышкары, авиабилеттердин баасын туруктуу кармоо боюнча да чечим кабыл алынганын билдирди.
Анын маалыматына караганда, авиакомпаниянын чыгымдары жана кирешеси эсептелгенден кийин билеттин баасына кошумча пайда кошуу аны кымбаттатып жибермек. Ошондуктан туруктуу баа белгиленип, анын белгилүү бир бөлүгүн мамлекет Турукташтыруу фондунун каражаты аркылуу субсидиялап жатат.
“Мамлекеттин талабы — билеттин баасын көтөрбөй, белгиленген деңгээлде кармоо. Анын чыгымдарынын бир бөлүгүн мамлекет өзүнө алып, Asman Airlines авиакомпаниясына субсидия түрүндө төлөп берип жатат”, — деп түшүндүрдү ал.
Маектин соңунда Самидинов жумушунун түйшүгүнө карабастан, дем алыш күндөрү үй-бүлөсүнө убакыт бөлүүгө аракет кыларын айтты.
Анын белгилешинче, акыркы мезгилде иш графиги өтө тыгыз болгондуктан, үй-бүлөсү менен эс алууга мүмкүнчүлүк аз болуп жатат. Бош убактысында балдары менен үйдө болуп, сейил бакка же дүкөнгө барарын кошумчалады.