Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. "Табигый кыргыз жаңгагы" улуттук брендин жайылтууга өтүү зарыл. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Базар-Коргон районунун эли менен жолугушканда билдирди.
Мамлекет башчысы инфраструктуралык маселелерди чечүү менен катар аймактын жаратылыш жана экономикалык дараметин натыйжалуу пайдалануу маанилүү экенин баса белгиледи.
Садыр Жапаров Базар-Коргон районундагы жаңгак токойлору дүйнөдөгү эң ири токойлордун катарына кирерин белгилеп, чийки затты экспорттоодон жаңгакты кайра иштетүүгө, жаңгак майын, пастасын жана унун өндүрүүгө көңүл буруу зарылдыгын айтты.