Сузактык ишкер айым кара өрүктү чет өлкөгө экспорттоодо

Аймак

Алдыга
Артка

copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 13.11.26. /Кабар/. Сузак районундагы ишкер айым Гүлмира Жолборсова кара өрүктү кургатып, даяр продукцияны чет өлкөгө экспорттоодо.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, ал Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү (APIU) тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан "Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү" долбоорунун алкагында жеңилдетилген насыя алган. Каражатка кампа куруп, кургатуу жабдууларын сатып алган.

"Учурда ишкер кампасында кара өрүк жана жаңгак сактап, кара өрүктү кургатып, даяр продукцияны экспортко жөнөтүүдө. Мындан тышкары, келечекте кампа жайларында жашылча-жемиштерди сактоону да пландап жатат", - деп айтылат маалыматта.

Гүлмира Жолборсованын айтымында, ал өз ишин кеңейтүүнү көптөн бери пландап келген, бирок каражаттын жетишсиздигинен улам бул оюн ишке ашыра албай жүргөн. Жеңилдетилген насыянын жардамы менен керектүү имаратты куруп, жабдууларды сатып алып, пландарын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алган.