Бишкек, 12.11.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстан айыл чарба продукцияларынын өз ара соодасын кеңейтүү жана кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн коңшу өлкөнүн рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу боюнча макулдашты.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул маселе 11-ноябрда Ташкент шаарында министр Эрлист Акунбековдун Өзбекстандын айыл чарба министри Иброхим Абдурахмонов менен жолугушуусунда талкууланды.

Тараптар кыргыз картошкасын Өзбекстанга үзгүлтүксүз жеткирүү жана экспорттоодо тоскоолдуктарды жаратпоо боюнча макулдашты.
Ошондой эле кыргызстандык айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканаларды Өзбекстандын тиешелүү реестрине каттоо жол-жоболорун тездетүү, биргелешкен ишканаларды түзүү жана өндүрүшкө инвестиция тартуу маселелери каралды.