Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Акыркы 6 жыл ичинде ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоонун алкагында 300дөн ашык объект оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен "Кабар" маалымат агенттигине билдиришти.
Ведомствонун маалыматына ылайык, соңку жылдары милициянын кызматтык инфраструктурасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Анын алкагында заманбап талаптарга жооп берген жаңы имараттар курулуп, пайдаланууга берилип, учурдагы объектилер капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө.
“Жарандарды кабыл алуу бөлмөлөрү, кызматтык кабинеттер жана башка керектүү жайлар жаңыланып, кызматкерлер үчүн ыңгайлуу жана коопсуз эмгек шарттары түзүлүүдө”,- деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгына карата Бишкек шаарында өткөн иш-чарада республика боюнча Ички иштер министрлигинин тутумундагы 42 объект ачылды.
Маалымдалгандай, бул иштер ички иштер органдарынын кызматкерлеринин иштөө шарттарын жакшыртууга, кызматтык ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын арттырууга багытталган.