Аламүдүндө 70,5 млн сомдук жайыт жери мамлекетке кайтарылды

Аймак
Аламүдүндө 70,5 млн сомдук жайыт жери мамлекетке кайтарылды
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Аламүдүн районунда мыйзамсыз менчиктештирилген жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондук прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө 1998-жылы Таш-Мойнок айыл аймагында жайгашкан жалпы аянты 0,54 гектар болгон жайыт жери "К." ЖЧКсынын менчигине мыйзамсыз өткөрүлүп кеткени аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында жалпы баасы 70 млн 540 миң 200 сомду түзгөн 0,54 гектар жайыт жери мамлекеттин менчигине кайтарылды.