Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Башкы прокуратурада үй-бүлөлүк зомбулуктун жана жашы жете электер арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу маселелери талкууланды.
Башкы көзөмөл органынан билдиришкендей, ведомстволор аралык жыйынга Жогорку Кеңештин депутаты Салтанат Аманова, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышты.
Жыйында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, оор турмуштук кырдаалда калган үй-бүлөлөрдү эрте аныктоо жана социалдык колдоо, жабырлануучуларды коргоо, ошондой эле зомбулуктун кайталанышына жол бербөө маселелери каралды.
Мындан тышкары, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун себептери, алдын алуу иштеринин натыйжалуулугу, мектептердин, ата-энелердин жана мамлекеттик органдардын өз ара байланышы талкууланды. Ошондой эле мыйзам талаптарынын аткарылышына жана профилактикалык иштерде санариптик технологияларды колдонууга көңүл бурулду.
Жыйындын жыйынтыгында мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мекемелер аралык кызматташууну күчөтүү, алдын алуу чараларын жакшыртуу, жарандардын жана балдардын укуктарын коргоо боюнча 15тен ашык сунуш берилди.
Катышуучулар кийинки жыйында сунуштардын аткарылышын карап чыгып, биргелешкен иштердин мындан аркы багыттарын талкуулоону макулдашты.