Аксыда дыйкандар үчүн жаңы соода-логистикалык борбор ачылды

Аймак 21 сентябрь 2026 11:50
796332409_1633459395025966_5873024024238442460_n.jpg
794494223_1580643116866355_807693211849807155_n.jpg
808644949_1881747719901173_1513465040101264923_n.jpg
814728942_1795141444947799_5240832406183879152_n.jpg
818195231_1418966490424855_3433538405243837203_n.jpg
WhatsApp Image 2026-09-19 at 13.17.55.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 21.09.26. /Кабар/. Аксы районунун Кожо-Ата айылында айыл чарба продукцияларын сактоого ылайыкташкан соода-логистикалык борбор ачылды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, "Бакча" айыл чарба кооперативине караштуу бул борбор мөмө-жемиштерди сактоого ылайыкташып, жылына 300 тоннага чейин продукцияны сактоо мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Ачылышына катышкан министрдин орун басары Рысгүл Акимжанова соода-логистикалык борбордун ишке кириши жергиликтүү дыйкандар жана өндүрүүчүлөр үчүн продукцияны сактоо, сорттоо, таңгактоо жана экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөрүн белгиледи.

Анын айтымында, мындай долбоорлор айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн рынокко чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана аймактарда жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.