Чүйдө айыл чарба продукциясын сактоочу жаңы комплекс ачылды

Экономика 12 октябрь 2026 12:40
IMG_6254_Z50VYFN.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_6248.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
1.jpg
IMG_6445.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_6403.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
IMG_6254_Z50VYFN.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_6248.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
1.jpg
IMG_6445.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_6403.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Чүй облусунун Беловодское айылында 110 млн сомдук заманбап муздаткыч комплекс ишке берилди.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, ал айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү долбоорунун алкагында "Клубмалина" ЖЧКсы тарабынан курулган.

Иш-чарага айыл чарба министринин орун басары Мирбек Дүйшеев, Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн директору Тамчыбек Тулеев, фермерлер жана ишкананын өнөктөштөрү катышты.

Долбоордун жалпы наркы 110 млн сомду түзөт. Анын 75 млн сому Азия өнүктүрүү банкы каржылаган долбоордун эсебинен бөлүнүп, калган бөлүгүн ишкана өз каражатынан каржылаган.

Мирбек Дүйшеев белгилегендей, мындай демилгелер айыл чарба продукциясын сактоо жана кайра иштетүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, фермерлерди колдоого жана ата мекендик продукциянын экспорттук дараметин жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Аянты 1,5 миң чарчы метрге жакын болгон комплексте 20дан ашык жумуш орду түзүлдү.