Бишкекте "Хан Тенгри" комплексине $210 млн инвестиция тартылат

Экономика 24 сентябрь 2026 17:40
WhatsApp Image 2026-09-24 at 14.32.16.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-24 at 14.32.16 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-24 at 14.32.16 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-24 at 14.32.17.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-09-24 at 14.32.16.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-24 at 14.32.16 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-24 at 14.32.16 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-24 at 14.32.17.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 24.09.26. /Кабар/. Бишкек шаарында "Хан Тенгри" көп функционалдуу турак жай комплексин куруу боюнча инвестициялык келишим түзүлдү. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, келишимге агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров жана "Хан-Тенгри девелопмент" ЖЧКсынын башкы директору Чжоу Цинхуа кол коюшту.

Равшан Сабиров шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана заманбап долбоорлорду ишке ашырууга жеке инвестицияларды тартуу артыкчылыктуу багыттарындын бири экенин белгиледи.

"Биз инвесторлор менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө, долбоорлорду ишке ашырууга жагымдуу шарттарды түзүүгө жана инвестицияларды ар тараптан коштоого кызыкдарбыз. Бул долбоор Бишкектин курулуш тармагын жана заманбап шаардык инфраструктурасын өнүктүрүүгө өз салымын кошот деп ишенем", - деди ал.

Долбоорго 210 млн доллары өлчөмүндө инвестиция тартылат.