Өнөр жайды модернизациялоо үчүн эл аралык инвестициялар тартылат

Экономика
Өнөр жайды модернизациялоо үчүн эл аралык инвестициялар тартылат
copyright icon ТИМ

Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. Кыргызстан менен БУУнун Өнөр жайды өнүктүрүү уюму (ЮНИДО) өнөр жайды модернизациялоо жана эл аралык инвестицияларды тартуу багытындагы кызматташтыкты талкуулады.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, маселе 3-ноябрда министрдин орун басары Медер Абакировдун ЮНИДОнун башкы директорунун орун басары Марина Понти менен жолугушуусунда көтөрүлдү.

Тараптар Өлкөлүк өнөктөштүк программасын ишке ашыруу, өнөр жай тармагын өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү маселелерин карашты.

Ошондой эле 5-ноябрда Бишкекте өтө турган Региондук өнөр жай форумунун мааниси белгиленди. Анда Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштыруу, жаңы өнөктөштөрдү табуу жана потенциалдуу инвесторлорду тартуу маселелери каралат.

Жолугушуунун жыйынтыгында артыкчылыктуу өнөр жай долбоорлорун ишке ашыруу боюнча кызматташтыкты күчөтүү макулдашылды.