Кыргызстанга түз инвестиция агымы: өсүш ыргагы жана тенденциялар

Аналитика
Кыргызстанга түз инвестиция агымы: өсүш ыргагы жана тенденциялар

Кубаныч Жолдошев

Бардык материалдар

Чет өлкөлүк капиталдын көбөйүшү өлкөнүн экономикасына улам жаңы дем берип, инвестициянын көлөмү гана эмес, анын сапаты жана өлкө үчүн экономикалык натыйжасы да маанилүү. Кийинки кезде Кыргызстанга чет өлкөлүк жана ички инвестициялар маселеси экономикалык саясаттын негизги багытына айланды. Өлкөдө ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып, өндүрүштү кеңейтүү, энергетикалык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу жана транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүү боюнча демилгелер күчөдү. Мындай шартта инвестиция агымынын өсүшү экономикалык өнүгүүнүн маанилүү көрсөткүчү катары каралууда.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2025-жылы Кыргызстанга келген түз чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 1 млрд 310,8 млн АКШ долларын түзгөн. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 27,3 пайызга көп. Ал эми 2020-жылы бул көрсөткүч 537,6 млн доллардын тегерегинде гана болгон. Демек, алты жыл ичинде түз инвестициялардын көлөмү кыйла өскөнү байкалат.

Быйыл 2026-жылдын биринчи жарымында өлкөгө 709,9 млн доллар түз чет өлкөлүк инвестиция келип, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26,2 пайызга көп болду. Бул көрсөткүч инвесторлордун Кыргызстанга болгон кызыгуусу туруктуу сакталып жатканын көрсөтөт. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров "Кабар" агенттигине курган маегинде чет элдик инвестиялардын улуттук экономикага кошкон салымын белгиледи.

"Биз тышкы инвестициялар дегенде бир эле чет элдик компания тууралуу гана эмес, биздин улуттук мыйзамдар менен иштеген инвесторлорду эске алышыбыз абзел. Алар инвестициялык долбоорлор менен келип, биздин экономикага салым кошуп, биргелешкен ишканаларды ачып жатышат. Жаңы жумуш орундарын ачып, жумушсуздукту кыскартып, мамлекетке салыктарды төлөп, алдыңкы технологияларды алып келишти. Биз аларды улуттук экономиканын бир бөлүгү катары кабыл алуубуз абзел" - деди Равшанбек Сабиров.

Бирок инвестициянын өсүшүн экономиканын бардык тармактары бирдей өнүгүп жатат деген түшүнүк менен кабыл алууга болбойт. Анын кайсы тармактарга, кандай шарттарда жана кандай натыйжа берүү үчүн багытталып жатканы өзүнчө талдоону талап кылат.

Инвестициялар кайсы тармактарга багытталууда?

2026-жылы түз чет өлкөлүк инвестициялардын олуттуу бөлүгү кайра иштетүү өнөр жайына, пайдалуу кендерди казып алууга, соодага жана финансылык ортомчулук менен камсыздандыруу тармагына багытталган.

Улуттук инвестиция агенттигинин жана Улуттук статистика комитетинин маалыматтарында кайра иштетүү өнөр жайына 618,8 млн доллар, тоо-кен тармагына 246,3 млн доллар, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу тармагына 142,2 млн доллар инвестиция түшкөнү көрсөтүлөт. Бул багыттарга жалпы түз инвестициялардын негизги бөлүгү туура келет.

Мындай түзүмдүн эки жагы бар. Биринчиден, кайра иштетүү өнөр жайына салынган каражат өндүрүштү кеңейтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү көбөйтүүгө шарт түзөт. Экинчиден, тоо-кен тармагына ири инвестициялардын топтолушу өлкөнүн жаратылыш ресурстарына тышкы кызыгуунун жогору экенин билдирет. Экономикалык эксперт Азиз Аттокуров тоо-кен байлыгы инвесторлордо өгзгөчө кызыгууну жаратып келгенине токтолду.

"Кыргызстандын шартында тоо-кен байлыктарын казып, иштетүү кирешелүү тармак бойдон кала берүүдө. Бул багыттагы мыйзамдарга бир катар кошумчалар киргизилип, инвестициялык климат дагы бир топ жакшырды. Анан калса, бул тармак эбактан бери эле перспективалуу тармак катары каралып келет", - деди Азиз Аттокуров.

Ошол эле учурда инвестициянын өндүрүшкө багытталышы өзгөчө мааниге ээ. Эгер чет өлкөлүк капитал чийки затты казып алуу менен гана чектелбестен, аны өлкөнүн ичинде кайра иштетүүгө, даяр продукция чыгарууга жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүүгө жумшалса, анын экономикалык пайдасы кыйла жогору болот.

Демек, инвестициялык саясаттын негизги максаты капиталдын көлөмүн көбөйтүү менен гана чектелбеши керек. Ал өлкөнүн өндүрүштүк потенциалын чыңдоого багытталууга тийиш.

Инвестициялар географиясы: Кытай алдыда, Россия экинчи орунда

Кыргызстанга инвестиция салган өлкөлөрдүн арасында Кытай алдыңкы орунда турат. 2025-жылдагы түз чет өлкөлүк инвестициялардын өлкөлөр боюнча бөлүштүрүлүшүндө Кытайдын үлүшү 47,5 пайызды түзгөн. Россиянын үлүшү 13,9 пайыз, Казакстандыкы 9,3 пайыз, Түркияныкы 9,1 пайыз, Нидерланддардыкы 5,4 пайыз болгон.

Бул көрсөткүчтөр Кыргызстанга инвестиция салууда Кытайдын ролу кыйла чоң экенин көрсөтөт. Россия да негизги инвесторлордун бири бойдон калууда. Эки өлкөнүн экономикалык байланыштары соода, өнөр жай, энергетика, инфраструктура жана башка багыттар аркылуу өнүгүп келет.

Бирок инвесторлордун географиялык түзүмүндө бир өлкөнүн үлүшү өтө чоң болушу экономикалык тобокелдиктерди да жаратышы мүмкүн. Эл аралык экономикалык кырдаалдын өзгөрүшү, соода чектөөлөрү же каржылык шарттардын катаалдашы инвестициялык агымга таасир этиши ыктымал.

Ошондуктан Кыргызстан үчүн инвестиция булактарын диверсификациялоо — башкача айтканда, капиталды ар кайсы өлкөлөрдөн жана ар түрдүү тармактардан тартуу маанилүү.

Ири долбоорлор: мүмкүнчүлүк жана жоопкерчилик

Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан жана пландалган ири инвестициялык долбоорлор өлкөнүн экономикалык келечегине түздөн-түз таасир эте алат. Алардын катарында "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу", "Камбар-Ата 1 ГЭСи", "CASA-1000" долбоорлору, Асман шаары жана "Ала-Тоо Резорт" туристтик инвестициялык демилгелери бар.

Бул долбоорлор транспорттук байланыштарды жакшыртуу, энергетикалык коопсуздукту бекемдөө, туристтик инфраструктураны өнүктүрүү жана жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жагынан маанилүү.

Маселен, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, Борбор Азия менен дүйнөлүк рыноктордун ортосундагы транспорттук байланыштарды күчөтүшү мүмкүн. Камбар-Ата 1 ГЭСи болсо электр энергиясын өндүрүү көлөмүн көбөйтүп, энергетикалык тармактын узак мөөнөттүү өнүгүшүнө өбөлгө түзүүгө багытталган.

Бирок ири долбоорлордун баалуулугун алардын жарыяланган наркы же кол коюлган келишимдердин суммасы менен гана өлчөө туура эмес. Келишимге кол коюу — инвестициянын өлкөгө толук келип түшкөнүн билдирбейт. Долбоордун каржылоо булагы, ишке ашыруу мөөнөтү, чыгымдары, карыздык милдеттенмелери жана экономикалык кайтарымы өзүнчө бааланышы керек.

Ушул себептен коомчулукка инвестициялык келишимдердин жалпы суммасы менен катар иш жүзүндө өздөштүрүлгөн каражаттар тууралуу да үзгүлтүксүз маалымат берилип турушу зарыл.

Ички инвестициянын ролу жана тышкы капиталга муктаждык

Экономиканын туруктуу өнүгүшү чет өлкөлүк инвестицияларга гана көз каранды болбошу керек. Ички капиталды активдештирүү, жергиликтүү ишкерлердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана улуттук өндүрүштү колдоо да маанилүү. Ички инвесторлор азырынча чакан жана орто бизнеске каражат салып, туризм, чакан ГЭС, айыл чарба жана агро комплекс – кайра иштетүү тармагына кызыгуу жогорулады.

2025-2026-жылдары негизги капиталга инвестициялардын олуттуу бөлүгү ички булактардын эсебинен каржыланган. Бул өлкөнүн өзүндө да инвестициялык мүмкүнчүлүктөр бар экенин көрсөтөт. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров ички инвестициялык салымдардын катышы да жогорулап жатканын айтып, бул тенденция улуттук экономикада маанилүү экенин белгиледи.

"Негизи бизде ички инвестиялар же тышкы инвестициялар деп эки башка категорияда каралбайт. Бардыгына бирдей эле шарттар каралган. Бирок, ошого карабастан бизде ички инвесторлордун дагы ролу жогорулап, ата мекендик өндүрүштө алдыга жылдыруучу кыймылдаткычка айланып баратканы кубандырат" - дейт Равшанбек Сабиров.

Бирок энергетика, транспорт, өнөр жай жана ири инфраструктуралык долбоорлор сыяктуу капиталды көп талап кылган тармактарда тышкы каржылоонун мааниси жогору бойдон калууда.

Мында ички жана тышкы инвестициялар бири-бирине атаандаш эмес, тескерисинче, бири-бирин толуктаган булактар катары каралышы керек. Жергиликтүү ишкерлердин катышуусу күчөгөн сайын чет өлкөлүк капиталдын өлкөнүн экономикасына тийгизген таасири да кеңеет.

Мындан тышкары, инвестиция тартууда чакан жана орто бизнестин мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу зарыл. Ири долбоорлорго жергиликтүү компаниялардын, өндүрүүчүлөрдүн жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн катышуусу камсыздалса, инвестициянын пайдасы кеңири экономикалык чөйрөгө тарайт.

Инвестициялык климат: мыйзамдан иш жүзүндөгү кепилдикке чейин

Инвестор үчүн өлкөнүн жаратылыш ресурстары же географиялык жайгашуусу гана чечүүчү фактор эмес. Мыйзамдардын туруктуулугу, сот системасынын ишенимдүүлүгү, жеке менчик укугунун корголушу, мамлекеттик органдардын ачык-айкын иштеши жана коррупциялык тобокелдиктердин деңгээли да чоң мааниге ээ.

Кыргызстанда инвестициялык мыйзамдарды өркүндөтүү, инвесторлордун укуктарын коргоо жана мамлекеттик органдардын ишин координациялоо багытында аракеттер көрүлүп келет. Буга байланыштуу чаралар былтыр кабыл алынган инвестиция тууралуу мыйзамда да кенен каралган. Улуттук инвестиция агенттиги инвесторлор менен мамлекеттик түзүмдөрдүн ортосундагы байланышты камсыз кылуучу негизги институттардын бири болуп саналат.

Ошондой эле Эркин экономикалык аймактар, Жогорку технологиялар паркы жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдери инвестиция тартуунун кошумча инструменттери катары колдонулууда.

Бирок мыйзамдардын кабыл алынышы өз алдынча жетиштүү эмес. Инвестор үчүн эң маанилүүсү — мыйзамда жазылган кепилдиктердин иш жүзүндө аткарылышы. Укуктук талаштарды адилет чечүү, административдик-бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтуу жана мамлекеттик чечимдердин алдын ала түшүнүктүү болушу инвестициялык ишенимди бекемдейт эмеспи.

Инвестициялардын натыйжасы кандай?

Кыргызстан үчүн негизги маселе — канча миллиард доллар инвестиция тартылганы гана эмес, ал каражат өлкөгө кандай пайда алып келгени да маанилүү.

Инвестициянын натыйжалуулугун баалоодо бир нече көрсөткүч өзгөчө маанилүү: жаңы жумуш орундарын түзүү, өндүрүш көлөмүн көбөйтүү, экспортту кеңейтүү, бюджетке салык түшүүлөрүн арттыруу, жаңы технологияларды киргизүү жана жергиликтүү адистердин квалификациясын жогорулатуу.

Мисалы, ири инвестициялык долбоор ишке ашканы менен жергиликтүү жумушчу күчү аз тартылып, чийки зат сыртка чыгарылып, даяр продукция өлкөдө өндүрүлбөсө, анын узак мөөнөттүү экономикалык пайдасы чектелүү болушу мүмкүн.

Тескерисинче, жергиликтүү ишканалар менен кызматташкан, адистерди даярдаган, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн жана кошумча наркты өлкөнүн ичинде калтырган долбоорлор кыйла натыйжалуу болуп эсептелет.

Ошондуктан инвестициялык долбоорлорго баа берүүдө алардын каржылык көлөмү менен катар социалдык жана экономикалык натыйжалары да ачык көрсөтүлүшү зарыл.

Өсүштү туруктуу өнүгүүгө айлантуу

Кыргызстанга түз чет өлкөлүк инвестициялардын өсүшү өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрү кеңейип жатканын билдирген оң көрүнүш. Өнөр жайга, энергетикага, транспортко жана башка тармактарга капитал тартуу жаңы өндүрүштөрдү түзүүгө жана экономиканын атаандаштык жөндөмүн жогорулатууга шарт түзөт.

Ошол эле учурда тышкы капиталга ашыкча көз каранды болбоо, инвестиция булактарын диверсификациялоо, ички ишкердикти өнүктүрүү жана инвестициялык долбоорлордун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу маанилүү.

Эң башкысы, инвестициянын көлөмү өлкөнүн экономикалык ийгилигинин жалгыз өлчөмү болбошу керек. Анын чыныгы натыйжасы жаңы жумуш орундарынан, өндүрүлгөн продукциядан, экспорттон, технологиялык өнүгүүдөн жана калктын жашоо сапатынын жакшырышынан көрүнүшү зарыл.

Кыргызстан үчүн инвестиция тартуу — максаттын өзү эмес, экономиканы жаңылоонун жана узак мөөнөттүү өнүгүүнү камсыз кылуунун куралы болууга тийиш.