Өсүшкө жол ачкан “Ала-Тоо Резорт”: Төрт мезгилдүү туризм аймакты кантип өнүктүрөт?

Туризм
Өсүшкө жол ачкан “Ала-Тоо Резорт”: Төрт мезгилдүү туризм аймакты кантип өнүктүрөт?
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Жакында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда "Ала-Тоо Резорт" тоо кластеринин биринчи этабы ишке киргизилгени турат. Курорт жылына 4 миллионго чейин туристти кабыл алып, болжол менен 7 миңге жакын жумуш ордун түзүүгө мүмкүнчүлүк берет деп күтүлүүдө. "Кабар" агенттиги Кыргызстандын ири долбоорлорунун бири аталган "Ала-Тоо Резорт" аймактын өнүгүшүнө кандай салым кошору туурасында айтып берет.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тургуну Самат Суранчиев “Ала-Тоо Резортто” асма аркан жолду тейлөөчү адис катары эмгектенүүдө. Ал кесиптештери менен биргеликте Doppelmayr компаниясынын адистери тарабынан окутуудан өткөн.

“Мен “Ала-Тоо Резорт” тарабынан сынак жарыяланганда катышып, маектешип, тандоо турунан кийин окутуудан өттүм. Бизге апрель айынан бери Doppelmayr компаниясынын тиешелүү адистери тажрыйбалары менен бөлүшүүдө. Эс алуучуларга биринчи тез жардам көрсөтүүнү да өздөштүрдүк. Мен буга чейин электр тармактарында иштегендиктен асма жолдо иштеп көрүү жеңилирек болду. Учурда асма аркан жолдо даярдык иштери жүрүп жатат. Курорт жаңы ишке киргени жаткандыктан, жаңы жумуш орундары түзүлүүдө. Бул жерде Ысык-Көл облусунан гана эмес, башка аймактардан да жарандар келип жумушка орношууда”, - деди ал.

“Ала-Тоо Резорт” тоо кластериинин биринчи этабын ишке ашыруунун алкагында туризмдин өнүгүшү башка тармактарга да салымын кошууда. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун акими Канат Калдаралиев “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө курулуш тармагы өрүш алып, инфраструктуралар жаңыланууда.

Калдаралиев белгилегендей, эмки жылы жергиликтүү бюджетке 100 млн сомдой салыктык киреше түшөрү күтүлүүдө.

“Өнөр жай тармагы мурдагы жылдарга салыштырмалуу эки эсеге өстү. “Ала-Тоо Резорт” тоо кластерин ишке ашыруунун алкагында инфраструктуралар жаңыланууда. Жыргалаң шаарчасына чейин 100 чакырымга созулган жаңы жол салынып жатат. Ошондой эле жаңы жумуш орундары түзүлүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин эле “Ала-Тоо Резортко” 150дөй адам жумушка алынды. Мындан тышкары, мейманкана куруп жаткан ишкерлер, подрядчылар жумушчуларды, куруучуларды иштетүүдө. Бул ири долбоор ишке кирип, Хан-Теңири айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине салык түшсө, дотациядан чыгат деп пландалууда. 2027-жылы болжол менен 100 млн сомдой салыктык киреше түшөрү күтүлүп жатат”, - деди ал.

“Ала-Тоо Резорт” жана башка туристтик долбоорлор үчүн зарыл делген кадрларды даярдоо максатында “Ак-Суу” республикалык инновациялык туристтик кесиптик лицейи ачылды.

Учурда ар облустан келген 250дөй бала билим алууда. Алар мейманкана сервиси, коомдук тамактануу, конокторду тейлөө, куткаруучу, ратрак айдоочу, лыжа инструктору өңдүү адистиктерге ээ болуп чыгышат.

Ошондой эле жергиликтүү тургундар туристтерди тосууга да камылгаларды баштады. Акимдин пикиринде, ишкердигин өнүктүрүүнү каалаган жарандарга Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан жеңилдетилген насыялар берилүүдө.

“Быйыл Ак-Суу районунда “Ак-Суу өнүктүрүү форуму” иш-чарасын уюштурдук. Анда ишкердик менен алектенүүнү жана мындан ары ишкердигин өнүктүрүүнү каалагандарга маалыматтар берилди. Жергиликтүү тургундарга мамлекеттик органдар, тажрыйбасы бар туристтик мекемелер тарабынан кеп-кеңештер айтылды. Бул форумду эмки жылы да уюштурууну пландап жатабыз. Жергиликтүү тургундар азыр эс алуучуларды кабыл алуу үчүн жатаканаларды, кафелерди даярдап жатат. Аларга Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан жеңилдетилген насыялар берилүүдө. Ошондой эле биз ишкерлерге жер тилкелерин ижарага берүү маселесин да чечип берип жатабыз. Муниципалдык объекттерди ижарага берүүнү караштыруудабыз”, -деди район жетекчиси.

Ак-Суу районунда тоо-лыжа туризмине улай эле төрт мезгил тең эс алуучуларды кызыктыра турган этнотуризмди, экотуризмди да биргеликте өнүктүрүү боюнча жергиликтүү тургундарга сунуштар айтылып, иштер жүрүп жатат. Анткени туристтер “Ала-Тоо Резортко” келип эс алгандан тышкары, аймактын дагы өзгөчөлүктөрү менен таанышуусу зарыл.

Экономист Искендер Шаршеев “Ала-Тоо Резорт” төрт мезгилдүү тоо кластери долбоорунун жалпы наркы 1,2 млрд еврого бааланып, 7 миңдей жумуш орундары түзүлөрүн айтууда. Жылына 2 миллиондон 4 миллионго чейин туристтерди кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Экономисттин пикиринде, бул кластер аймактын инфраструктурасын өнүктүрүп, жергиликтүү калктын кирешесин көбөйтүп, бүтүндөй өлкөнүн туризм потенциалын жогорулатып, эл аралык деңгээлдеги тоо туризминин борборуна айландыруу менен экономикалык өсүшкө олуттуу салым кошот.

“Туризм тармагы мейманкана жана ресторан бизнеси, соода, курулуш, айыл чарбасы, тейлөө кызматтары жана кол өнөрчүлүк сыяктуу тармактардын өнүгүшүнө түздөн-түз таасирин тийгизет, анткени туристтердин агымы бул тармактарда суроо-талапты жаратып, жумушчу орундарын көбөйтөт жана кошумча нарк чынжырын түзөт. Ошондой эле инфраструктуралык долбоорлорго инвестицияларды тартуу менен бүтүндөй экономиканы стимулдаштырат. Кышында гана эмес, башка мезгилдерде да экономиканын өнүгүшү туристтик агымдын туруктуулугун камсыздап, жыл бою жумушчу орундарын сактап, инфраструктураны толук пайдаланууга мүмкүндүк берет. Жайкы экотуризм, жөө туризм, этнокомплекстер жана башка активдүү эс алуу түрлөрү кирешелерди тең салмакташтырып, жергиликтүү бизнес үчүн үзгүлтүксүз киреше булагын түзүп, региондун жалпы экономикалык туруктуулугун жана инвестициялык жагымдуулугун жогорулатат”, - деп айтты Шаршеев.

Ири долбоорго инвестиция салуунун өзгөчөлүгү мамлекеттик колдоо, салыктык жеңилдиктер, даяр жер тилкелери жана инфраструктуранын бөлүнүшү менен коштолууда. Мындан улам "Ала-Тоо Резорт” долбоорунун ишке кириши узак мөөнөттүү экономикалык эффектке алып келет.

Экономика илимдеринин доктору Сагынбүбү Чолбаеванын пикиринде ”Ала-Тоо Резорт” долбоорунун ишке кириши менен транспорт жана логистика тармагында олуттуу өнүгүү күтүлөт.

“Туризм тармагы ар бир аймакта өрүш алгандыктан Нарын, Ош, Баткен, кайсы гана облус болбосун авиакаттам, темир жол жана унаа жолдору жаңыланууда. Анын жардамы менен Ысык-Көлдөгү “Ала-Тоо Резортко” эс алуучулардын келүүсү кыйла өсөт. Бул өз кезегинде такси кызматтарын кошумча жумуш орундары менен камсыздоого шарт түзөт. Мейманкана, пансионат, конок үйлөрү, ошондой эле маданий объектилер жана спорт комплекстеринин курулушу экономиканын башка тармактарын да чоң секирикке алып келет. Туризм тармагын өнүктүрүү экономиканы тышкы жана ички шоктордон коргоо үчүн диверсификациялоого чоң жардам берет”, - деп белгиледи экономист.

Дагы бир экономист Кубан Чороев ири долбоор туризмдин ИДПдагы үлүшүн көтөрүү, бюджетке салык түшүмүн жогорулатуу менен катар, эң негизгиси Кыргызстандын брендин эл аралык рынокто бекемдөөгө өбөлгө түзөт деп эсептейт.

“Туризм — мультипликативдик эффекти эң жогору тармактардын бири. Курортко келген бир сомдун артынан дагы 2–3 сом башка тармактарда айланат. Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайынын продукциялары курорттун ашканаларына түз жеткирилет. Булардын көбү жергиликтүү чакан жана орто бизнеске таандык болот, демек киреше аймакта калат. Мындай долбоорлор чет элдик капиталдын келишине жол ачууда. Алгач курортко инвестиция салган чет элдик инвестор кийин Кыргызстандын башка тармактарында да иш алып барууну пландашы мүмкун. Ошондуктан “Ала-Тоо Резортту” өлкөнүн инвестициялык имиджинин көрсөткүчү катары кароо туура”, - деди Чороев.

Жыйынтыктап айтканда, “Ала-Тоо Резорт” тоо кластери Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук аймактарын камтып, келечекте курорт жылдын төрт мезгилинде иштеп, кышкы спортту гана эмес, жайкы туризмди, экотуризмди жана активдүү эс алууну да өнүктүрүүгө багытталмакчы. Мындан улам бул долбоорго инвестиция салуу узак мөөнөттүү кирешелүү тармак катары эсептелинүүдө.