Бакай-Ата районуна тартылган инвестициянын көлөмү 3 эсеге өстү

Аймак
Бакай-Ата районуна тартылган инвестициянын көлөмү 3 эсеге өстү
copyright icon WWW

Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Бакай-Ата районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты.

Анда маалымдалгандай, аталган райондо инвестиция тармагында да олуттуу өсүш байкалууда.

"Эгерде 2021-жылы инвестициялардын көлөмү 430 320,3тү түзсө, 2025-жылы 750 527,2ге жеткен. 2026-жылдын тогуз айында инвестициялардын көлөмү 1 298 707,3тү түзүп, инфографикада чагылдырылган жалпы көрсөткүч 1 350 840,7ге жеткен", - деп айтылат маалыматта.