Бишкек, 18.11.26. /Кабар/. Баткен облусундагы эң чоң күнөскана Кызыл-Кыя шаарында курулду.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, долбоорго ишкер Кубатбек Сатыбалдиев 26 млн сом инвестиция салган.
Күнөскана куруу үчүн шаардык мэрия тарабынан ишкерге 2,5 гектар жер тилкеси берилген. Күнөскананын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү жана анда өстүрүлө турган өсүмдүктөр тууралуу маалымат берилген жок.