Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. Баткен облусунда ооруканалардын көмүргө болгон жылдык муктаждыгынын 92%, ал эми билим берүү мекемелеринин 74% камсыздалды.
Президенттин өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бүгүн облус башчысы Мамыржан Рахимов Кызыл-Кыя шаары жана Кадамжай районундагы ооруканалардын, мектептердин жана бала бакчалардын кышка даярдыгын текшерди.
Саламаттык сактоо тармагына быйыл 3 миң тонна көмүр керектелсе, анын 92% жеткирилген. Билим берүү мекемелерине зарыл болгон 16 миң тонна көмүрдүн 74% ташылган.
Текшерүү учурунда жаңыдан көмүр менен жылытууга өткөрүлгөн объектилердин абалы да каралды. Облус башчысы мекеме жетекчилерине көмүр запасын толуктоо, электр энергиясын керектөө лимиттерин сактоо жана коопсуздукту камсыздоо боюнча тапшырмаларды берди.
Белгилей кетсек, социалдык маанидеги объектилерге жылуулук берүү 19-октябрда, ал эми башка керектөөчүлөргө 2-ноябрда башталган. Учурда жылуулук менен камсыздоо белгиленген тартипте жүргүзүлүүдө.