Бишкек, 18.11.26 /Кабар/. Бишкек шаарындагы жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) кампасында 250 миң 708 тонна көмүр бар.
Мэриядан билдиришкендей, 18-ноябрга карата ЖЭБдин жеткиликтүү электр кубаттуулугу 370 МВтты түздү. Бир сутка ичинде станцияда 8 млн 961 миң кВт/саат электр энергиясы өндүрүлүп, 8,4 миң Гкал жылуулук энергиясы берилди.
"Жалпысынан Бишкек ЖЭБинде 15 казан агрегаты, туурасынан байланышкан 7 турбоагрегат жана №3, №4 эки энергоблок орнотулган. Учурда алардын ичинен 9 казан агрегаты жана 6 турбоагрегат иштеп жатат",-деп айтылат маалыматта.