Бишкекте көмүр базалары үзгүлтүксүз иштеп жатат. Даректери

Коом
Бишкекте көмүр базалары үзгүлтүксүз иштеп жатат. Даректери
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 16.11.26. /Кабар/. Борбор калаанын райондорунда көмүр базалары үзгүлтүксүз иштеп жатат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Свердлов районунда  9 көмүр базасы иш алып барууда. Көмүрдүн жалпы запасы 7 361 тоннаны түзөт. Учурда Кара-Кече көмүрүнүн бир тоннасы 7 000 сомдон, ал эми Шабыркүл көмүрү 7 800 сомдон сатылууда.

Биринчи май районунда 9 туруктуу көмүр базасы иш алып барууда. Бүгүнкү күнгө карата көмүрдүн жалпы калдыгы 1 184,69 тоннаны түзөт. Кара-Кече көмүрүнүн бир тоннасы 7 000–7 200 сомдон, Миң-Куш көмүрү 8 000 сомдон, Шаргунь көмүрү 7 600 сомдон сатылууда. Айрым базалардан Шарбон маркасындагы көмүрдү да кап менен сатып алууга болот. Бир каптын баасы — 300 сом.

Октябрь районунда калкка "Кара-Кече" көмүрү сунушталып, анын бир тоннасы 7 000 сомдон сатылууда. Райондогу көмүр базаларында отундун жалпы запасы 1 017 тоннаны түзөт.

Ленин районунда 13 көмүр базасы иштеп жатат. Көмүрдүн жалпы запасы болжол менен 6 500 тоннаны түзөт. Кара-Кече жана Миң-Куш көмүрлөрүнүн бир тоннасы 7 000 сомдон, ал эми Шабыркүл көмүрү 7 800 сомдон сатылууда.

Тиешелүү кызматтар көмүр базаларындагы отундун көлөмүнө туруктуу мониторинг жүргүзүп, ошондой эле белгиленген баалардын сакталышын көзөмөлдөп турушат.

Көмүр базаларынын даректери менен шилтеме аркылуу таанышууга болот.