Бишкек, 13.11.26 /Кабар/. “Бишкек ЖЭБ“ муниципалдык ишканасы суюлтулган газды (пропанды) сатуу боюнча ачык аукцион өткөрөт. Бул тууралуу ишканадан билдиришти. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аукцион 2026-жылдын 14-декабрында саат 10:00дө ЖЭБдин административдик корпусунун 2-кабатындагы жыйындар залында өтөт. Дареги: Шабдан Баатыр проспектиси, 108.
Аукционду өткөрүү шарттары тууралуу кеңири маалыматты төмөнкү телефон номерлери аркылуу алууга болот:
- 0 703 09-01-95 (WhatsApp);
- 0 772 69-19-78;
- 0 312 36-66-18.