Бишкек ЖЭБинде кышка даярдык 80 пайызга аткарылды

Коом 17 сентябрь 2026 13:20
Бишкек ЖЭБинде кышка даярдык 80 пайызга аткарылды
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 17.09.26 /Кабар/. "Бишкек ЖЭБ" муниципалдык ишканасы 2026–2027-жылдардагы жылуулук берүү мезгилине карата жабдууларды жана өндүрүштүк инфраструктураны даярдоо иштерин улантууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда казан жана турбиналык жабдууларды оңдоо, электр-техникалык жабдууларды техникалык тейлөөдөн өткөрүү жана отун чарбасын даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.

"Оңдоо иштери 80 пайызга аткарылды. Негизги көңүл ЖЭБдин жылуулук берүү мезгилинде ишенимдүү, коопсуз жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга бурулууда",-деп айтылат маалыматта.