Бишкек, 24.08.26. /Кабар/. Бишкек ЖЭБинин технологиялык каналынын боюндагы аймакты көрктөндүрүү иштери жүрүүдө.
Мэриядан билдиришкендей, долбоордун алкагында Ч.Валиханов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки тилкеге жакын жайгашкан райондордун тургундары үчүн заманбап сейилдөөчү аймак түзүлүүдө.
Узундугу болжол менен 1 чакырымды түзгөн тилкеге учурда коргоочу тосмолор жана тышкы жарыктандыруу үчүн мамылар орнотулду. Ошондой эле жээкти бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, эски көпүрөнүн ордуна жаңысы курулат.
Мэр Айбек Жунушалиев курулуш иштери менен таанышып, сейилдөөчү аймакты көрктөндүрүү иштерин улантууну тапшырды.