Бишкек, 18.11.26. /Кабар/. Кыргызстанга түз чет элдик инвестициялардын көлөмү 2026-жылдын январь-июнь айларында 709,9 миллион долларды түздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылы “Инвестициялар жөнүндө” мыйзамы кабыл алынып, инвесторлордун укуктарын коргоо чаралары күчөтүлгөн. Ошондой эле улуттук инвестициялык долбоорлор үчүн салыктык жана жер боюнча жеңилдиктер каралган.
“Инвесторлордун укуктарын коргоо жана инвестиция тартууга жагымдуу шарттарды түзүү боюнча иштер улантылууда”, — деди Адылбек Касымалиев.
Мындан тышкары, "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы түзүлгөнү да кабарланды.
Маалыматка ылайык, ал эми 2025-жылы өлкөгө тартылган түз чет элдик инвестициялардын көлөмү 1 миллиард 310,8 миллион долларды түзгөн. Ал эми 2026-жылдын октябрына карата 59 долбоорго мамлекеттик маанидеги жана улуттук инвестициялык долбоор статусу ыйгарылган.