Таштандыны кайра иштетүүгө 2,5 млрд сом инвестиция тартылды

Экономика

Алдыга
Артка

copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 13.11.26. /Кабар/. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров 12-ноябрда "Ду Кастомс" ЖЧКсына барып, 2,5 млрд сомдук инвестициялык долбоордун ишке ашырылышы менен таанышты.

Агенттиктен билдиришкендей, ишкана калдыктарды кайра иштетүү жана кайра пайдалануу багытында иш алып барып, алардан килем, жайнамаз, термокийиз жана ватин сыяктуу даяр продукцияларды чыгарат.

Долбоорго тартылган инвестициялардын жалпы көлөмү 2,5 млрд сомду түзөт. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 1,5 миң тоннага чейин калдыктарды кайра иштетүүгө эсептелген. Учурда бул жерде 35 жумуш орду түзүлгөн.

Белгиленгендей, Улуттук агенттик инвесторго мыйзамдарда каралган мамлекеттик жеңилдиктерди алуу, долбоорду коштоо жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү маселелеринде көмөк көрсөтүп келет. Ошондой эле долбоорду ишке ашыруу учурунда жаралган маселелерди чечүүгө колдоо көрсөтүүдө.

Долбоор ата мекендик өнөр жайды өнүктүрүүгө, калдыктарды кайра иштетүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө, айлана-чөйрөгө тийгизилген терс таасирди азайтууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган.

Улуттук агенттик мындан ары да инвесторлорду колдоону жана өлкөнүн экономикасын, анын ичинде аймактарды өнүктүрүүгө багытталган инвестициялык долбоорлорду коштоону улантат.