Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. Бүгүн, 30-октябрда Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Маалымат жана басма сөз күнүнө карата жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолукту.
Агенттиктен билдиришкендей, Сабиров журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктап, инвестициялык темаларды чагылдырууга кошкон салымы үчүн бир катар ЖМК өкүлдөрүнө ардак грамоталарды тапшырды.
Равшанбек Сабиров жалпыга маалымдоо каражаттары менен кызматташуу өлкөнүн инвестициялык потенциалын илгерилетүүдө маанилүү роль ойной турганын белгиледи.
Анын айтымында, так жана өз убагында берилген маалымат коомчулукка өлкөдөгү экономикалык процесстерди түшүнүүгө, ал эми потенциалдуу инвесторлорго Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрү менен таанышууга шарт түзөт.
“Инвестициялар боюнча улуттук агенттик үчүн ачыктык жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүү чоң мааниге ээ. Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, жаңы долбоорлор жана мамлекеттик колдоо чаралары тууралуу маалымат берүү менен биз коомчулукту кабардар кылып гана тим болбостон, потенциалдуу инвесторлордун өлкөбүз тууралуу түшүнүгүн да калыптандырабыз. Инвестициялык темаларды кесипкөйлүк менен жана объективдүү чагылдыруу ишенимди бекемдөөгө жана Кыргызстандын инвестициялык потенциалын илгерилетүүгө өбөлгө түзөт“, - деп белгиледи Равшанбек Сабиров.
Ал ошондой эле инвестициялык кызматташтыктын кеңейиши жана энергетика, өнөр жай, айыл чарба, туризм, инфраструктура жана санариптик технологиялар тармактарындагы жаңы долбоорлордун ишке ашырылышы өлкөнүн экономикалык өсүшү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн айтты.