Былтыр Айтматов районуна 1,6 млрд сом инвестиция тартылган

Экономика
Былтыр Айтматов районуна 1,6 млрд сом инвестиция тартылган

Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Акыркы беш жылда Айтматов районуна тартылган инвестициялардын көлөмү кыйла көбөйгөн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун бүгүн Айтматов районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышуу учурунда белгилүү болду.

Маалымдалгандай, инвестициянын көлөмү 2021-жылы 530 млн сом болсо, 2025-жылы 1,6 млрд сомго жеткен.