Айтматов районунда наркы 180 млн сомдук Калкты тейлөө борбору курулат

Аймак
Айтматов районунда наркы 180 млн сомдук Калкты тейлөө борбору курулат
copyright icon www

Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Айтматов районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты.

Анда райондун мындан аркы өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу милдеттери дагы белгиленди.

Алардын катарында наркы 180 млн сомду түзгөн Калкты тейлөө борборун куруу жана 300 млн сом каралган айылдык калктуу конуштарды таза ичүүчү суу менен камсыздоо бар.