Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Айтматов районунда 5 жылда 44 соцобъект жана 41 өнөр жай ишканасы ачылды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун бүгүн Айтматов районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышуу учурунда белгилүү болду.
Маалымдалгандай, 5 жыл аралыгында райондо 41 өнөр жай объектиси пайдаланууга берилип, мектептерди, бала бакчаларды, медициналык мекемелерди, спорт залдарды жана маданий объекттерди камтыган 44 социалдык объект курулган.
Дагы 21 объекттин курулушу жана капиталдык оңдоо иштери уланууда.