Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Айтматов районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты.
Мамлекет башчысына акыркы беш жылда райондун бюджетинин көлөмү үч эседен ашык көбөйүп, 2021-жылдагы 186 млн сомдон 2025-жылы 619,1 млн сомго жеткени маалымдалды. Ал эми 2026-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бюджеттин көлөмү 488,9 млн сомду түздү.
Жыл жыйынтыгы боюнча анын көлөмү 625 млн сомго чейин көбөйөрү күтүлүүдө.