Кыргызстан БАЭге айыл чарба тармагына инвестиция салууну сунуштады

Экономика
WhatsApp Image 2026-11-03 at 07.30.53 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-11-03 at 07.30.53 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-11-03 at 07.30.53 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-11-03 at 07.30.53 (4).jpeg
WhatsApp Image 2026-11-03 at 07.30.53 (5).jpeg
WhatsApp Image 2026-11-03 at 07.30.53.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) ортосунда агроөнөр жай тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси талкууланды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, маселе министрдин орун басары Рысгүл Акимжанованын Дубай соода палатасынын Жакынкы Чыгыш жана КМШ аймагы боюнча директору Абдулла Бакер менен жолугушуусунда көтөрүлдү.

Тараптар соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, айыл чарбасына инвестиция тартуу жана эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түз байланыштарды түзүү мүмкүнчүлүктөрүн карашты.

Ошондой эле агрардык тармакта биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүү маселелерине көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар айыл чарба жана агроөнөр жай тармагындагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.