Абакиров Латвия элчисинин грамоталарынын көчүрмөсүн кабыл алды

Саясат
Абакиров Латвия элчисинин грамоталарынын көчүрмөсүн кабыл алды
copyright icon ТИМ

Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Латвиянын Кыргызстандагы элчиси Даце Руткеден ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды.

Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушуу 3-ноябрда өтүп, анда эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарын чыңдоо жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Ошондой эле жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу, парламенттер аралык кызматташтыкты активдештирүү, келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду.