Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бүгүн, 19-октябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн "Борбордук Азия – АКШ" ("С5+1") форматындагы министрлер жолугушуусуна катышты.
Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуу Борбордук Азия өлкөлөрү менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы экономикалык жана соода байланыштарын өнүктүрүү маселелерине арналды.
Анда тышкы иштер министри өз ара пайдалуу экономикалык жана технологиялык өнөктөштүккө, инвестицияларды тартууга, сооданы өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган кызматташтыктын жаңы этабына өтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы жана регионалдык өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттарына, анын ичинде транспорттук өз ара байланыштуулукту жана логистиканы, энергетиканы, критикалык минералдарды, санариптик экономиканы жана жогорку технологияларды өнүктүрүүгө, ошондой эле адам капиталын чыңдоого өзгөчө көңүл бурулду.
Министр транспорттук коридорлорду өнүктүрүүнүн, кайра жаралуучу энергия булактары жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнүн, маанилүү чийки зат ресурстарын кайра иштетүүгө америкалык инвестицияларды тартуунун, ошондой эле санариптик жана космостук технологияларды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Жээнбек Кулубаев ишкердик жана туристтик сапарлар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, гуманитардык жана академиялык алмашууларды кеңейтүү зарылдыгына көңүл бурду.
Тышкы иштер министри "С5+1" форматы регионалдык кызматташтыкты чыңдоодо жана Америка Кошмо Штаттары менен практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүдө маанилүү ролду ойноп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана Борбордук Азия элдеринин бакубаттуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.